16:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Февралдан тарта дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

Февралдан тарта дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоору кабыл алынды.

«Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик эки коммерциялык банк катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 7 миллиард сомду түздү. Долбоордун алкагында эки багыт боюнча насыя каралган — мал чабачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориясы», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар