09:13
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Кыргызстандык теннисчилер эл аралык турнирде күмүш медаль алышты

Кыргызстандык теннисчилер Коломбо (Шри-Ланка) шаарында өткөн Billy Jean King Cup Junior (16&U) эл аралык турниринин финалында ойношту. Бул тууралуу социалдык тармактарда Теннис федерациясы билдирди.

Кыргызстандык спортчулар чечүүчү беттеште шри-ланкалык атаандаштарына 0:2 эсебинде утулуп калды.

Мындай жыйынтык биздин спортчуларга Казакстанда май айында өтө турган Billy Jean King Cup Juniors Asia/Oceania Final турнирине катышууга мүмкүнчүлүк берди.

Команданын катышуучулары — Сафина Хабибрахманова, Анель Богданова жана Сезим Сагынбаева, машыктыруучусу Фархад Урумбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар