Футболдун эң маанилүү иш-чарасы болгон 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына болгон кызыгуу болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Бул тууралуу ФИФАнын президенти Джанни Инфантино расмий түрдө жарыялады.
Анын айтымында, топтук этаптагы беттештерге билеттерге болгон суроо-талап буга чейин эле рекорддорду жаңылады. Инфантино ФИФАга 150 миллиондон ашык суроо-талап түшкөнүн белгиледи.
«Болгону 15 күндүн ичинде биз дүйнө жүзү боюнча Дүйнөлүк Кубоктун билеттерине 150 миллиондон ашык суроо-талап алдык. Алдын ала каттоо процессинде биз күн сайын орто эсеп менен 10 миллион суроо-талап келип жатат. Бул футбол тарыхындагы болуп көрбөгөндөй көрсөткүч», — деди Инфантино.
ФИФАнын президентинин айтымында, билеттерге эң көп кызыгуу АКШ, Германия жана Улуу Британиядагы күйөрмандардан келген. Бул турнирдин глобалдык маанисин ачык көрсөтүп турат.
Учурдагы билеттерди сатуу этабы 2026-жылдын 13-январында аяктайт.
Эскерте кетсек, 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубок биринчи жолу бир эле учурда үч өлкөдө: АКШда, Мексикада жана Канадада өтөт. Турнир 11-июнда башталып, финалдык беттеш 19-июлда өтөт. Дүйнөлүк кубоктун тарыхында биринчи жолу 48 команда катышат.

