23:31
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Камчыбек Ташиев футбол курама командасынын машыктыруучусу менен жолукту

КФС
Фото КФС

Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен жолукту. Бул туурлауу КФС социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Жолугушууда курама команданын 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарына даярдыгын талкуулашты.

Эске салсак, 19-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланган.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 104-орунда турат.

Эң көп окулган жаңылыктар