18:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы президент Садыр Жапаровдун Татарстан Республикасына 20-21-февраль күндөрү болгон жумуш сапарынын алкагында болду.

Салтанатка тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жана Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулу Эрик Бейшембиев катышты.

Башкы консулдуктун консулдук округуна Татарстан Республикасы, Башкортостан, Марий Эл Республикасы, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана Ульяновск облусу кирет.

Кыргызстандын жарандары консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук Казань шаары, Спартаковская көчөсү, 6 (Сувар Плаза) дареги боюнча жайгашкан. Телефон: +7 906 111 34 11

Жарандар күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09.00дөн 12.00гө чейин жана 13.00дөн 18.00гө чейин кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар