Рейд учурунда уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү майды сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди
Бишкек шаарындагы жеке автобазанын аймагындагы кампадан эсепке алынбаган 14миң 930 литр күйүүчү-майлоочу майлар табылган.
«Болжолдуу түрдө алар андан ары мыйзамсыз сатуу үчүн сакталган. Азыркы учурда продукция убактылуу алынып, эсепке алынбаган КММди мамлекеттик кирешеге конфискациялоо маселеси боюнча материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.