17:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Февралда 6 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Бишкектин аймагында 12-февралдн 18-февралга чейин 6 миң 729 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен:

  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 58;
  • автоунааны каттоо тартибин бузуу — 160;
  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 93;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуулар — 516;
  • жол белгилерине баш ийбөө — 4 миң 547;
  • терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу— 12;
  • мотошлемдерди же коопсуздук курларын колдонуу эрежелерин бузуу — 397;
  • башка жол эрежесин бузуу фактылары — 946.

Мындан тышкары, 553 автоунаа айып аянтчасына коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар