18:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын элчиси АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин башчылары менен жолукту

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбордук Азия боюнча улук директору Николас Берлинер жана директору Бриана Тодд менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташтыкты жакшыртуудагы актуалдуу маселелер жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты.

ТИМ
Фото ТИМ

«Өзгөчө көңүл Борбордук Азия аймагындагы коопсуздукту камсыз кылуудагы көйгөйлөргө бурулуп, кыргыз бийлигинин бул соңку жылдары чек ара талаш-тартышын чечүү жаатында аткарган иштерининин бүтүндөй регион үчүн пайдалуу жактары талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Бакыт Аманбаев соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде регионалдык деңгээлдеги социалдык-экономикалык жана соода байланыштарын чыңдоо багытындагы аткарылып жаткан ири долбоорлор тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга бириккен аракеттерин жана ниеттерин ырасташты.

ТИМ
Фото ТИМ

Эң көп окулган жаңылыктар