05:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болду

КФС конгрессинин түз эфиринен
Фото КФС конгрессинин түз эфиринен. Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болду. Мындай чечим КФСтин кезексиз конгрессинде кабыл алынды.

Камчыбек Ташиев бул кызматка бир добуштан шайланды.

Ал футбол федерациясын 2026-жылдын апрелине чейин жетектейт.

Буга чейин Кыргыз футбол союзунун президенттигине Камчыбек Ташиевдин гана талапкерлиги көрсөтүлгөн болчу. Анын талапкерлигин «Талант» футболдук клубу сунуштаган.

Эскерте кетсек, КФСтин мурдагы президенти Медербек Сыдыков 29-январда отставкага кеткен. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзун жетектөөнү сунуш кылганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар