13:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ТИМ жарандарга Казакстан жана Россияга унаа менен барбай турууну сунуштады

Тышкы иштер министрлиги аба ырайынын начарлашына байланыштуу жарандарды Казакстанга жана Россияга автомобиль жолдору аркылуу баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Министрлик белгилегендей, Казакстандын 16 облусундагы республикалык маанидеги жолдордун 100 тилкесинде транспорт кыймылына чектөө киргизилди. Абай, Акмола, Актобе, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетисуу, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан, Туркестан жана Улытау облустарында жолдор жабык.

Министрлик Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен биргеликте мекендештерибиздин абалын көзөмөлдөп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар