03:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мэрияда жылуулук жана электр тармактарынын иши талкууланды

Мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жылуулук жана электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шаардык кызматтарды алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө даярдоо боюнча жыйын өттү. Бул туууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, 17-февралдан баштап аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөрүн эскертти. Белгилей кетсек, суук аба ырайы кыска мөөнөткө созулары күтүлүүдө.

«Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде абал турукташып калды. Энергетикалык ишканалардын жетекчилеринин айтымында, баары штаттык режимде иштеп жатат. Катуу суук болгон учурда борбор калаанын тургундары жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалат», — деп билдирди муниципалитет.

Бишкек жылуулук электр борбору, Бишкек электр тармактар ишканасы, «Бишкекжылуулукэнерго» жана алардын авариялык-куткаруу кызматтары күчөтүлгөн режимде иш алып барат жана күнүмдүк керектелүүчү системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.

Мындан тышкары, мэр бардык шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине шаардын ичинде болууну жана кырдаал боюнча ӨКМдин штабына билдирүүнү, ошондой эле жооптуу кызматкерлерди күчөтүлгөн режимде нөөмөткө коюуну уюштурууну тапшырды.

Шаар башчысы борбор калаанын социалдык объектилерин жана алардагы жылуулук режимин сактоону көзөмөлгө алуу милдетин койду.

 Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу, ал эми «Тазалык» муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар