Бишкек шаарынын аймагында калктын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон контрабандалык продукцияларды жана жасалма жуучу каражаттарды сатуунун туруктуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, басмаканалардын биринде узак убакыттан бери кутулар, этикеткалар, кир жуугуч айналар үчүн стикерлер жана башка жуучу каражаттар тымызын чыгарылып келген.
«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Миф», «Тайд» жана «Ариэль» маркасындагы жасалма кир жуучу айналардын ири партиясы аныкталган. Мындан тышкары, жер астындагы цехке тиричилик химиясын чыгаруучу конвейер орнотулуп, анда кымбат баалуу жуучу каражаттардын этикеткаларын арзан аналогдорго чаптоо жолу менен алар мыйзамсыз чыгарылып, кийин борбордун базарларындагы соода түйүндөрүндө сатылып келген», — деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулар тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин мыйзамга ылайык тиешелүү жоопкерчиликти тартышат.