13:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ысык-Көлдө 47 Тянь-Шань карагайы жана 3 терек мыйзамсыз кыйылган

Ысык-Көлдө бактарды мыйзамсыз кыюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун аймактарында мыйзамсыз бак-дарактарды кыюунун беш фактысын аныктап, кыйылган 47 даана Тянь-Шань карагайын жана 3 даана теректи табышкан.

Бардык аныкталган фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар