17:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ТИМ Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынганын төгүндөдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандары өзүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнө байланыштуу Казакстандын аймагында тоскоолдуктарга кабылып жаткан учурлар катталганын ырастап, бирок коңшу өлкөдө ага тыюу салынганын төгүндөдү. Бул тууралуу ТИМ 8-февралда кабарлады.

Мекеменин билдиришинче, Кыргызстан да, Казакстан да 1968-жылдын 8-ноябрындагы Бириккен Улуттар Уюмунун «Жол кыймылы жөнүндө» Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналышат. Ага ылайык конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.

ТИМ ошого карабай «Казакстандын аймактык административдик полициясынын (автомобиль инспекциясынын) кызматкерлери эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган фактылар байкалып жатканын» тактайт. Министрлик ырастагандай, Казакстандын кээ бир полиция кызматкерлери кыргызстандыктарды «ички мыйзамдардын жоболоруна ылайык айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышкан».

Кыргызстандын ТИМи буга байланыштуу расмий Астанага кайрылып, Казакстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине казак жергесинде Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулугу (действительность) тууралуу түшүндүрүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Казак тарап бул боюнча зарыл болгон жумуштар алып барыларын убада кылган.

Тышкы саясат мекемеси ТИМ жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул маселе боюнча башка тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жакын арада Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен да жолугушуулар өтүшү мүмкүндүгүн кабарлады.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Казакстанда жашап жаткан кыргызстандыктарга ал өлкөдө кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдонууга тыюу салынып, Казакстандын күбөлүгүн алуу милдеттендирилип жатканын» айтып чыккан. Ал муну зарыл болсо эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин деңгээлинде чечүү керектигин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар