Ош облустук психикалык ден соолук борборунун дарыгерлерине кол көтөрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары дарыгерлерге кол көтөрүп жаткан адамдын видеосун тараткан. Билдирүүдө кол салган адам укук коргоо органынын кызматкери болушу мүмкүн экени кабарланган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалыматты четке кагып, бейбаштыкка шектүү адам милиция кызматкери эмес экендигин билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, топтолгон материалдардын негизинде бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында шектүү кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
«Дарыгерлердин сабалышы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп кошумчаланган маалыматта.