Бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-ноябрында Т. Т. аттуу жаран борбор калаанын 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда себепсиз У.А. аттуу жарандын денесине залал келтирип, изин жашырып кеткен.
Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.
Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, 1992-жылы туулган Т.Т. кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилген.