09:23
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Кара-Суудагы «Туратали» базарында мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды

Кара-Суудагы «Туратали» базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп салуу менен коркутуп, ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан.

«24-январда мыйзамсыз талап кылынган 5 миң долларды которгондон кийин жеке ишкер Ж.К.Ш. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдирди мекеме.

Анын жашаган жеринен тинтүү учурунда 135,6 миң доллар, 1 миллион 113 миллион 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 килограмм болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган Range Rover автоунаасы табылып алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар