Баткенде ири өлчөмдөгү акчаны аткезчилик жолу менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Алга айылынын 32 жаштагы И.И. аттуу тургуну өзүнүн унаасы менен Өзбекстандан Кыргызстанга 11 миллион 700 миң рублду жана 110 миң долларды мыйзамсыз алып өтүп жаткан жеринен кармалды.
Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.