13:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кармалган 11 журналист бир жумадан бери тергөө абагына которула элек

16-январда кармалган Temirov Live, «Айт Айт Десе», «ПолитКлиника» жана «Арча медианын» 11 журналисти дагы эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков 24.kg агенттигине билдиргендей, борбордун кызматкерлери убактылууу кармоочу жайга барып, 16-январда изоляторго камалган ЖМКнын 11 өкүлү ушул күнгө чейин ал жакта экенин аныкташкан.

«17-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын бөгөт чарасы каралып, № 1 тергөө абагына камакка алуу тандалган, алар тергөө абагына которула элек. Кыргызстандын Жазык-процесстик кодексине ылайык, тергөө судьясынын токтому дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш», — деп белгилешти мекемеден.

16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. 

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагында болушат. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар