19:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстан жарандары үчүн виза. Качан керек жана кантип алат

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстан жарандарынын Кыргызстандын аймагында узак мөөнөттө жүрүү шарттары жөнүндө билдирүү жарыялады.

Кыргызстандын аймагында жүрүүнүн жаңы эрежелерине ылайык, чет мамлекеттердин жарандары, анын ичинде өзбекстандыктар дагы узак мөөнөткө туруу үчүн тийиштүү категориядагы визаны тариздеши зарыл. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуу боюнча, визаларды тариздөө үчүн төмөнкү тарифтер колдонулат:

  • алты айга чейин — 10 доллар;
  • бир жылга чейин — 20 доллар.

Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын визасына «электрондук виза» порталы аркылуу өлкөдөн чыкпастан тапшыра алышат.

Визаларды тариздөө үчүн www.evisa.e-gov.kg сайтына кирип, көрсөтүлгөн документтердин пакетин берүү керек.

«Туугандар визасын» тариздөө үчүн (КР жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө):

  • Өзбекстан жаранынын паспорту;
  • кыргыз жаранынын ID-картасы;
  • туугандыгын тастыктаган документ (нике күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Кыргызстан жаранынын арызы;
  • иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкат же Кыргызстандын жаранынын материалдык абалы жөнүндө башка документ талап кылынат.

«Материалдык абалы жөнүндө документ катары чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүн материалдык жактан камсыз кылууга кепилдик берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн милдеттенмени берүүгө боло тургандыгына көңүл бурабыз. Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө визаларды тариздөө боюнча башка кошумча талаптар, анын ичинде банк эсебинде милдеттүү түрдө 50 миң сом же башка сумма болуу шарты коюлган эмес», — деп билдирди ТИМ.

Министрлик мекеменин визалык иштер секторунун расмий байланыш телефондору боюнча гана консультация жана түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууну өтүнөт: +996 312 66-30-70; +996 703 42 88 65 же Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 10, дареги боюнча.

Ошондой эле Министрликтин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылууга болот:

  • Ош шаары, Ленин көчөсү, 318, телефон +996 3222 7 09 68
  • Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 178, телефон +996 3722 5 00 40.
Эң көп окулган жаңылыктар