22:54
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кызыл-Кыядагы «Сапат» лицейинде окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды

Социалдык тармактарда кыргыз-түрк «Сапат» лицейинде ур-токмокко алынып жаткан окуучунун видеосу тарады.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы 24.kg басылмасына маалыматты тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 22-январда болгон. «Сапат» лицейинин мугалими окуучуга кол көтөргөн. Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейде балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат», — деп билдирди мекеме.

Иш Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө. Тергөө иштери башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар