25-январдан тарта Бишкек шаарында № 56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Чыңгыз Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 километр, ал эми автобустардын арасындагы интервал 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам № 55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт», — деп билдирди мэрия.
Белгилей кетсек, буга чейин мэрия чоң унаалардын Бишкекти айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландап жатканын маалымдаган.