12:31
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Өзгөндө жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Өзгөн районунда жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин жооптуу адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Өкмөттүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен 2020-жылдын 20-августунда бекитилген башкы пландын негизинде Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы 82 жер тилкеси Өзгөн районунун аймагына өзгөртүлгөн.

«Бирок кийинчерээк аталган айыл аймагынын айрым кызмат адамдары, ошондой эле Өзгөн архитектура бөлүмдөрү жана «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкы пландарды бурмалап, жер тилкелерин кеңейтип, андан соң тургундарга жеке турак-жай куруу үчүн берилген», — деп билдирди УКМК.

31 миллион сом зыян аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 22-ноябрында Дөң-Булак айыл аймагынын мурдагы жетекчиси С.Э.Р., Өзгөн району боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Б.А.К., Өзгөн районунун архитектурасынын мурдагы башчысы А.М.К. кармалды.

«Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандардын менчик жер тилкелери жана кыймылсыз мүлкү бар экени, алардын баасы алардын мамлекеттик кызматтагы иш жүзүндөгү расмий кирешесинен кыйла жогору болгону аныкталды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады УКМК.

Эң көп окулган жаңылыктар