USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргызстан транспорттук долбоорлор үчүн Европадан инвесторлорду издейт

11:22, 16 января 2024, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстандын делегациясынын 29-30-январда Брюссель шаарында өтө турган Global Gateway инвесторлор форумуна катышуу маселесин талкуулашты.

Анын алкагында Кыргызстан транспорт тармагындагы келечектеги долбоорлорду сунуштайт.

Тараптар гидроэнергетика, санариптештирүү, суу ресурстары жана "жашыл"экономика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана келечеги боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстан так кайсы долбоорлорду сунуштай турганын ТИМ тактаган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика