УКМК 24.kg агенттигинин кеңсеси Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында тинтүүгө алынганын билдирди.
Редакцияда тинтүү жүргүзүлдү. Компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка заттык далилдер алынды. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, УКМКнын кызматкерлери редакциябыздын кеңсесине бүгүн саат 11.00дө келишкен. Башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы суракка алып кетишти.