Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак объектилерин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө ишти аягына чыгарууну тапшырды.
«Акылдуу светофорлордун» өзгөчөлүгү — автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салынат), — деп белгиледи мекеме.
Долбоор буга чейин үч көчөдө — Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө башталган. Биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат. Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда — бул 350гө жакын кесилиш.
«Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт», — деп кошумчалады мэрия.