Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Күрөш федерациясы жыйынтыгын социалдык тармактарга жарыялады.
Экинчи күнү дагы беш салмак категориясы боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталды.
Акыл Сулайманов (60 килограммга чейин), Амантур Исмаилов (67 килограммга чейин), Алибек Бердиев (77 килограммга чейин), Асан Жанышов (87 килограммга чейин), Роман Ким (130 килограммга чейин) Кыргызстандын чемпиону болду.
Белгилей кетсек, кечеээ беш салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулган.