02:11
USD 89.40
EUR 96.65
RUB 0.98

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алгачкы жыйынтыгы жарыяланды

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Күрөш федерациясы беттештин алгачкы жыйынтыгын жарыялады.

Биринчи күнү беш комплект медаль ойнотулду.

Улан Муратбек уулу (55 кг чейин), Дастан Кадыров (63 кг чейин), Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин), Бекзат Орункул уулу (82 кг чейин), Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) өлкөнүн чемпиондору болушту.

Бүгүн дагы беш салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулат.

Буга чейин эркин күрөш боюнча мыкты балбандар аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар