06:31
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Үйүн ала албай жаткан KG Group компаниясынын үлүшчүлөрү УКМКнын алдына чогулушту

KG Group курулуш компаниясынын үч объектисинин жабыркаган үлүшчүлөрү бүгүн УКМКнын имаратынын алдына чогулушту. Алардын айтымында, бир нече жыл мурун сатып алган батирлерин ала албай жатышат.

«Биз 2018-жылы «Чыңгыз Айтматов ордосу» турак жай комплексинен үй алганбыз. 2021-жылы KG Group курулушту бүтүрүшү керек болчу. Бирок бүтүргөн жок. Азыр 2024-жыл болду, үйдүн 30 пайызы гана тургузулган. Ошондуктан биз бүгүн УКМКга келдик. Башка органдарга да кайрылабыз. Садыр Жапаровго, Курманкул Зулушевге да кайрылабыз. Азыр Камчыбек Ташиевге келдик», — деди үлүшчүлөрдүн бири.

Дагы бир жабырлануучу «Жусуп Баласагын» комплексинен 2021-жылы үй сатып алган. Анын айтымында, батир 2024-жылдын январында берилиши керек болчу, бирок KG Group графикти улам жылдырып жатат.

«Январдын аягында ачкычтарды берем деген, ошол бойдон эшиктери да коюла элек. Биздин жүргөнүбүзгө үч жыл болду, бирок башынан бул үйдү алгандар жети жылдан бери жүрүшөт экен. Офистерге баргандан эч кандай майнап чыкпай жатат", — деди ал.

Эске салсак, KG Group курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго карата кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө. Ага издөө жарыяланды.

Буга чейин УКМК Бишкекте KG Group компаниясы тарабынан алты көп кабаттуу үй курулганын билдирген. Бирок бул объектилердин бири дагы  уруксат кагаздары жок болгондуктан пайдаланууга берилген эмес.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда Имамидин Ташовдун видеокайрылуусу жарыяланып, анда ал «бандиттик жол менен уурдалып», туткунда кармалып, мамлекеттин пайдасына которулган 52 миллион сомдон тышкары, андан дагы 100 миллион сом талап кылышканын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар