Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайрадан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматта белгиленгендей, сотко өтүнүч менен УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 30-декабрындагы токтому менен ал канааттандырылды.
«Буга чейин И.А.Х. (Ахрор Иминовго) карата тандалган сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан чыгаруу бөгөт чарасы 2024-жылдын 4-февралына чейин УКМКнын тергөө абагында кармоого өзгөртүлдү», — деп билдиришти соттон.
Ахрор Иминов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого шектелүүдө. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
УКМКнын маалыматына караганда, Күрөш федерациясынын вице-президенти жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишине, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн орток кассасы үчүн каражат (жалпы пайдадан болжол менен 30 пайыз) чогултууга катышкандыгы аныкталган.
Ал ноябрдын ортосунда тергөө абагынан сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен бошотулган болчу.