12:14
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Мекенинде каржы пирамидасын түзгөн казакстандык Бишкекте кармалды

Бишкекте адамдын жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөө жарыяланган Казакстандын жараны аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, видеобайкоо камералары аны пирамида схемасын түзүү жана жетектөө үчүн издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган.

«Казакстанда 2021-жылдын апрелинде жабыркаган салымчылар үч компаниянын иши боюнча жамааттык арыз менен полицияга кайрылып, аларды каржы пирамидасы деп аташкан. Бул компаниялар өздөрүн эң кирешелүү инвестициялык ийгиликтүү уюмдар катары көрсөтүшкөн. Жогорудагы фактыларга тиешеси бар деп кармалган Алматы шаарынын тургуну О.А. каржы пирамидасын түзүүгө жана жетектөөгө шектелүүдө. Кирешелүү инвестицияларды туураган бул «долбоордун» лидерлерин кармай баштаганда, ал изин жашырып кетүүгө үлгүргөн», — деп билдирди мекеме.

Компаниялар салымчылардан бир нече миллиарддаган теңгесин мыйзамсыз чогулткан. Келип түшкөн акча каражаттарынын агымын көбөйтүү максатында каржы пирамидалардын ишмердүүлүгүнө белгилүү блогерлер тартылган.

Сот эки вайнерди пирамида схемасы боюнча иштегендиги үчүн беш жылга эркинен ажыраткан.

Изделип жаткан О.А. камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар