Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги майрам күндөрү иштебейт. Бул тууралуу мекеменин Facebook баракчасында билдирилди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү катары белгиленген. Буга байланыштуу элчилик бул күндөрү жарандарды кабыл албайт.
«Ошону менен бирге, элчиликтин консулдук бөлүмүндө мекендештер консулдук-укуктук жардамды токтоосуз алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгондо, алардын кайрылууларына тез арада жооп берүү үчүн ыкчам телефондор иштейт: