USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

15:20, 28 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь айынан бери Бостери айылынын айрым тургундары 45 жаштагы айылдашын коркутуп, ага тиешелүү болгон көл жээгиндеги 0,53 гектар жер тилкесин Н.Э. аттуу жарандын наамына өткөрүп берүүсүн талап кылышкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 208 беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Бостери айылынын тургундары — 36 жаштагы Ө.А., 37 жаштагы Ж.У. жана 36 жаштагы И.Б. кармалды. Алар ИИМдин атайын каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турган.

Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тегөө амалдары уланууда.

Ысык-Көл ОИИБ жогоруда аталган жарандардын укукка каршы аракеттеринен жабыр тарткандар бар болсо, 102, 03922 5-45-50, 0701054550, 0705755001 телефон номерлери боюнча билдирүүңүздөрдү суранат.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика