16:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Якутияда учак тоңгон дарыяга конду

Якутияда учак учуп-конуу тилкесинин ордуна тоңгон дарыяга конду. Бул тууралуу «КП Якутия» жазды.

«Поляр аба жолдорунун» АН-24 учагы Якутск — Зырянка — Среднеколымск багыты боюнча учкан. Бирок Зырянканын аэропортуна келип, Колыма дарыясына конууга туура келген. Бортто 30 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгон. Учак жана анын ичиндегилер жабыркаган жок.

Жүргүнчүлөр аэровокзалга, балдары барлар мейманканага жайгаштырылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учкучтар конууга жакындаганда конуучу тилкени көрө алышкан эмес. Росавиация окуяны иликтейт.

Эң көп окулган жаңылыктар