04:24
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкек шаардык соту депутат Адахан Мадумаровду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду камакта калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коллегия «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидеринин адвокаттарынын арызын канааттандырган жок жана Мадумаровду 2024- жылдын 9-февралына чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин парламент депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Иш 2009-жылы Худжандда кол коюлган протоколго тиешелүү.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума