15:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Адахан Мадумаров жыйын өткөрдү. Журналист менен саясатчынын күзөтчүсү урушту

Бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун маалымат жыйынында журналист Жоодар Бузумов менен саясатчынын күзөтчүсү урушуп кетишти.

ЖМК өкүлү Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу айтышы керек эле. Саясатчы өз кишилерин чакырган. Лидер эч кимди чакырбаганын айтты.

Жоодар Бузумовду Адахан Мадумаровдун бөлмөсүнөн алып чыгып кетип жатканда уруш чыкты. Андан кийин саясатчынын күзөтчүсү дагы бир журналистти сүйлөтпөй түртүп жиберди.

«Бүтүн Кыргызстандын» лидери келген журналисттерди талкууга түшкөн темага карата компетенттүү эмес деди. «Бул маселе эчактан бери эле каралган, силер муну билбейсиңер жана түшүнбөйсүңөр. Мындан улам делимитация, демаркация жана денонсацияны түшүндүрүп жатам», -деди ал.

Ал анын күзөтчүлөрү журналистти бөлмөдөн күч менен түртүп чыгарды дегенге кошулган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар