Коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөн жүргүнчүлөргө билет берилет. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, мэрия 1 миллион билет даярдап койду.
«Ар бири номерленген, андыктан жүргүнчү бир билетти эки жолу колдоно албайт. Айдоочу жол кирени накталай төлөгөндөргө билет бериши керек», — деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңеши жол кире тарифин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Накталай эмес төлөм менен жол кире 17 сом, накталай төлөөдө 20 сом болот.