13:06
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

TikTok аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

Кара-Суу районунда TikTok социалдык тармагы аркылуу улуттар аралык араздашууну козутууга шектелген 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, видео декабрдын башында тараган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же регион аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Ош ОИИБ
Фото Ош ОИИБ. Шектүү

Шектүү катары 2003-жылы туулган жергиликтүү тургун кармалып, камакка алынды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби