Кыргызстанда сугат жерлеринин 4 миң 472 гектар аянтынын мелиоративдик абалы жакшыртылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка 5 ирригация объекттеринин курулушу, 634,7 чакырым каналдардын, 683 гидротехникалык, 275 гидрометрикалык тосмолордун, 8 суткалык жөндөө бассейндердин, 105 насостук станциялардын, 172 насостук агрегаттардын оңдоо, 23 насостук агрегаттарды алмаштыруу иштери жасалган.
«223,6 чакырым коллектордук-дренаждык торчолордун механикалык тазалоосу бүткөрүлдү. Жыйынтыгында сугат сууну жеткирүүдөгү жоготуулар 30 пайызга, сугат сууну жеткирүү 20 пайызга жогорулады», — деп кошумчалады министр.