18:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Республика боюнча 634 гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлгөн

Республика боюнча 634 гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн былтыркы жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда айтты.

Анын билдиргенине караганда, 1900 гектар сугат жердин суу менен камсыздоосу жогорулады.

«Айдоо аянттары — 1 миллион 214 миң гектарды түзүп, 7 миң гектарга кеңейди. Айыл чарбасындагы потенциалыбыз абдан зор, бирок учурдагы натыйжалар жетишсиз. Бүгүн республика боюнча 350 миңден ашык дыйкан чарбалары бар, ал болгону ИДПнын 12 пайызын гана камсыз кылат», — деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума