Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.
«Жаңы кампа бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле эмдөө үчүн «муздак чынжыр» талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет. Анын курулушу менен саламаттык сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды», — деп айтылат маалыматта.
Ушундай эле курулуш иштери Токтогул, Ала-Бука, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, Араван айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө бүткөрүлдү.
Учурда Кербен шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдө курулуш иштери аяктоо алдында турат.