01:04
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кесиптик окутууну аяктагандардын 62 пайызы ишке орношту

Кесиптик окутууну аяктагандардын 62 пайызы ишке орношту. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова № 100 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземинде билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, алар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон электрик жана электр газ ширетүүчү кесиптерге ээ болушту. Министрлик эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоо үчүн өлкөнүн 100 кесиптик лицейлери менен кызматташуу келишимдерин түзгөн.

«Бизде колледждер, университеттер жана окуу борборлору менен да ушундай келишимдер бар. Министрлик аркылуу эмгек рыногунда эң көп талап кылынган 125 кесипти үйрөнүүгө болот. Алардын арасына электрик, электр газ ширетүүчү кесиптери кирет. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө кесиптик лицейде чач тарач адистиги ачылып, бул кесип да суроо-талапка ээ. Жыл башынан бери жалпысынан 8,5 миңден ашуун кыргызстандыктар иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Алардын 62 пайызы ишке орношкон», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар