14:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

FINCA ELSOM электрондук капчыгы ишин токтотот

Урматтуу «ФИНКА Банк» ЖАКтын кардарлары!

Биздин кызматтарыбызды жакшыртуу максатында 2024-жылдын 20-мартынан тартып FINCA ELSOM электрондук капчыгы жабыла турганын жана кызматташууну улантуу үчүн кардарларыбызды FINCA Bank Kyrgyzstan Мобилдик Банкинг тиркемесине өтүүгө чакырабыз. Бул тиркемеде FINCA ELSOM электрондук капчыгынын функциялары, ошондой эле бир топ кеңири функциялар жана мүмкүнчүлүктөр бар.

Бул үчүн төмөнкү кадамдарды жасоону сунуштайбыз:

2024-жылдын 20-мартына чейин FINCA ELSOMдон акча каражаттарын төмөнкү жолдор менен алуу:

  • Биздин кеңселердин кассалары аркылуу;
  • Башка банктын Элкарт картасына же FINCA Элкартка которуу;
  • FINCA Банктагы талап эсебине которуу аркылуу.

2024-жылдын 20-мартынан кийин акча каражаттарын Банктын кассалары аркылуу гана алуу мүмкүн болот.

2. FINCA Bank Kyrgyzstan тиркемесин орнотуп, аралыктан идентификациядан өтүңүз.

Суроолоруңуз болсо, биздин кардарларды колдоо кызматына 4400 же 312 440 440 телефондоруна кайрылыңыз болот (мобилдик телефондон чалуу акысыз).

Биздин электрондук капчыкты финансылык өнөктөшүңүз катары тандаганыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Кызматташтыктын ар бир этабы биз үчүн кызыктуу жана жемиштүү болду. Биз ар дайым сизге эң жакшы кызматты көрсөтүүгө, сиздин финансылык муктаждыктарыңызды канааттандыруу үчүн инновациялык чечимдерди түзүүгө умтулуп келебиз. Эми жаңы мобилдик банкинг тиркемеси менен биз сиздерге мындан да жакыныраак, ылдамыраак жана ыңгайлуу болобуз!

Түшүнүү жана кызматташуу үчүн рахмат!

Урматтоо менен,

FINCA Банк командасы.

КРУБнын № 051 уруксаттамасы.

 
Эң көп окулган жаңылыктар