USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Бишкекте кыз ала качууга шектүүлөр аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди

12:02, 18 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Т.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде анын синдисин белгисиз жарандар күч колдонуп унаага салып кетишкенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (никеге туруу максатында адамды уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр

Ыкчам кызматкерлер тарабынан борбор калаанын аймагында шектүүлөр аныкталып, кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика