Буга чейин «Орто-Сай» базарын тейлеген Мамлекеттик салык кызматынын дагы бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып «Орто Сай» базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн факттар аныкталды.
Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында «Орто-Сай» базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды.
«Салык кызматынын кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө. 13-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдирди мекеме.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда