Бишкекте тоңголоктон улам үч күн ичинде травматология бөлүмүнө 43 адам кайрылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун директору Сагындык Айтбаев билдирди.
8-декабрда травматология бөлүмүнө жалпысынан 46 адам кайрылып, алардын 13ү музга тайып, кулап түшкөнүн айтышкан. 9-декабрда кайрылган 44 кишинин 17си ушул эле себепти билдиришкен. 10-декабрда 28 кайрылуу болгон, анын ичинде 13 адам кулап түшкөн.
Белгилей кетсек, жума жана ишемби күндөрү, 8-9-декабрда борбор калаада кар жааган.
Бирок мэрия көчөлөрдү кардан тазалоо активдүү жүрүп жатканы боюнча маалымат берди.