Бишкектеги «Баткен» базарынын директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, базарда ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды.
Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормалары бузулуп, соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес.
2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33 пайзга жогорулаткан.
«Реконс» ЖЧКсынын башкы директору, анын орун басары жана бухгалтери кармалды.
«Баткен-Комфорт» базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев болуп эсептелет.