06:10
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Үч күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлүп, саат 22:13тө толук өчүрүлдү.

«Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, мында жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын абалы жакшы», — деп билдирди мекеме.

Унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар