21:12
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Журналист Кундуз Жолдубаева жана Болот Темировдун жубайы суракка чакырылды

Журналист, «Арча медиадагы» ток-шоунун алып баруучусу Кундуз Жолдубаева жана Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы суракка чакырылды.

Журналисттердин айтымында, алардын үстүнөн депутат Надира Нарматова арыз жазган.

Маалыматка караганда, буга «Арча медиадагы» «Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновниктер жана депутаттардын байланышы бар?» деген берүү себеп болгон.

социалдык тармактардан алынды
Фото социалдык тармактардан алынды. Суракка чакыруу кагазы

«Бүгүн, 7-декабрда мага Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсүнө суракка баруу боюнча чакыруу кагазы келди. Чакыруунун себеби — Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын арызы. Буга «Арча Медианын» YouTube-каналына чыккан «Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновниктер жана депутаттардын байланышы бар?» деген берүү жүйө болгон. Ал жерде мен алып баруучу катары чыккам. Эфирдин коногу «Айт айт десе» жана Temirov Live долбоорлорунун журналисти Махабат Тажибек кызы болгон. Ал дагы суракка чакырылды. Эфирдин алкагында кандайдыр бир мыйзамсыз билдирүүлөр айтылган эмес», — деп жазган Кундуз Жолдубаева.

Эң көп окулган жаңылыктар