20:22
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Ш.Бахтияров кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Белгиленгендей, Ш.Бахтияров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акчаларын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктарды колдонуу менен чыгарып турган. Ал жактан криптовалюта менен алектенген адамдар аркылуу каражаттарды накталай акчага айлантып, комиссиялык пайыздарды алып турган.

Мындан тышкары, ал Бишкек шаарында бир катар кыймылсыз мүлккө ээлик кылат, алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерге мыйзамдуулукту берип туруу үчүн колдонулган.

«Тактап айтканда, Saloni, Elegance, Imperator эмерек дүкөндөрүнүн, учурда кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн курулушу жүрүп жаткан жер тилкелеринин (жалпы аянты 1 миң 222 чарчы метр) ээси», — деп билдирди мекеме.

Ш.Бахтияров бардык кыймылсыз мүлк объекттерин өзүнүн жакын туугандарынын атына, анын ичинде энеси менен уулуна каттаткан. Алар 300 чарчы метр болгон элиталык батир (пентхаус), жер үй (406 чарчы метр) жана кымбат баалуу элиталык үйлөр (аянттары 402 жана 930 чарчы метр).

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыштуу жол менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар